Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Кытайга иш сапары

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын Кытайга иш сапарыКыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 28-29-ноябрда Кытайдын Гуанчжоу шаарында «Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Ошондой эле Мадрид Клубунун жылдык чогулушуна да катышты. Конференцияда Кытайдын жогорку жетекчилигинин мүчөлөрү, көптөгөн өлкөлөрдөн келген көрүнүктүү илимпоздор, изилдөөчүлөр, бизнес жана финансылык чөйрө өкүлдөрү сөз сүйлөдү. 

Конференциянын катышуучулары глобализмди, дүйнөнүн экономикалык, саясий, социалдык өнүгүшүнүн маселелерине карата инклюзивдик, өз ара байланыштуу, инновациялык ыкманы колдоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Ошол эле учурда КР экс-президенти Роза Отунбаева БУУнун Жогорку деңгээлдеги медитация тобунун мүчөсү катары БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы менен теле көпүрөгө катышты. Анда 18 адамдан турган топтун БУУнун Башкы катчысы А.Гутерреш менен үч саат бою биринчи жолугушуусу өттү. Сөз БУУну дүйнөдөгү талаштарга жана чыр-чатактарга тартуу жолдору жана зарылчылыгы, талаштарды иш билгилик менен жөнгө салуу, жаңы бирикменин мандаты жөнүндө жүрдү.

30-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту, ага 2011-жылдан тартып Кыргызстандын экс-президенти Р.И.Отунбаева да мүчө экенин белгилей кетели.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты