​Канат Исаевдин уулу жана эжеси “Республика” партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн

FaceBook социалдык тармагында “Исаевдин туугандары кандайча “Республика” партиясы менен шаардык кеңештин шайлоосуна чыгып калган?” деген билдирүү тараган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Токмок шаардык кеңешине “Республика” саясий партиясынын атынан 54 депутат катталган. Алдыңкы катарда “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канат Исаевдин фамилиясына окшош эки талапкер бар. Алар 4-орундагы Исаев Чынгыз Канатбекович жана 6-орундагы Исаева Бактыгуль Кедейкановна.

Исаев Чынгыз — 1999-жылы туулган. Саясатчы Канат Исаевдин уулу. Facebook баракчасында Москва мамлекеттик юридикалык университетинде окугандыгы тууралуу маалымат бар. Үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан Канат Исаевдин Ишенимдүү өкүлү катары БШКда катталган. Маалыматты тактоо үчүн өзүнө байланышканыбызда жооп ала алган жокпуз.

Исаева Бактыгуль Кедейкановна- Токмок аймактык ооруканасынын директору, Канат Исаевдин эжеси. Өзү Республика партиясынан шаардык кеңешке аттанганына карабай, Facebook баракчасында Канат Исаевге, “Кыргызстан” партиясына байланыштуу постторду активдүү бөлүшөт.

Биз “Республика” партиясы менен байланышканыбызда алар Исаев Чынгыз Канат Исаевдин уулу экенин, ал эми Исаева Бактыгуль эжеси экенин тастыкташты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты