​“Ата-Журт Кыргызстан бийликтин партиясыбы?” (Фактчекинг)

7-апрель күнү, Эрлан Бекчороевич аттуу Фейсбук колдонуучу өздүк баракчасына “Бийликтин партиясы болбойт деп жатьшты беле?” деген аталыштагы видеону бөлүшкөн. Анда, базарлардын биринде “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясын үгүттөп сүйлөп бара жаткан адам көрсөтүлгөн.

Ал, “Урматтуу шайлоочулар! №3-”Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы, Садыр Жапаровдун партиясы. Жаңы лидерлер, жаңы жашоо жалаң жаштар жана мурункудай жегичтер жок”, — деп айткан ал.

ПолитКлиника медиасы видеодо айтылган маалыматты текшерип көрдү.

“Мекенчил” саясий партиясы

“Мекенчил” саясий партиясы 2010-жылы Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров тарабынан негизделген. 2020-жылы да парламенттик шайлоого катышкан “Макенчил” партиясынын курамында Садыр Жапаровдун иниси Сабыр Жапаров бар. Ал тизмеде 2-номурда орун алган.

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясын 2021-жылы 10-январда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун оппоненти болгон Бабур Тольбаев жетектеп келе жатат. Бабур Тольбаев, президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаровдун инагурациясына да катышкан. Ал, Садыр Жапаровдун иштеп кетишине ишенээрин айтып ийгилик каалап өткөн.

“Ата-Журт” жана “Мекенчил” партияларынын байланышы

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 24-февралда Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуу учурунда “Мекенчил” партиясы Бишкек шаардык кеңеш менен катар парламенттик шайлоого да катышпай турганын билдирген.

Мамлекет башчы анын себебин мурдагы шайлоолордогудай административдик ресурс колдонулушун каалабай турганы менен байланыштырган.

Бирок, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү Айбек Маткеримов 2020-жылы “Мекенчил” саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Башкача айтканда, партиянын негиздөөчүсү “Мекенчил” партиясынын мүчөсү.

Ошондой эле, 11-апрельде өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттыка “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамы менен мурда “Мекенчил” партиясынан чыккан 7 киши ат салышып жатат.

Алардын арасында “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да бар. Ал, Жалал- Абад шаардык кеңешине депутат болуу үчүн шайлоого катышып жатат.

Мындан сырткары, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Фейсбуктагы баракчасынын аты да алгач “Мекенчил” саясий партиясы болгону көңүлдү бурат.

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, 2020-жылдын 8-августунан баштап “Мекенчил” партиясы деп көрсөтүлгөн баракча, 2021-жылдын 19-мартынан баштап “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы деп өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Шайлоолор 28 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 420 айыл аймагында өтөт.

Жыйынтык: “Мекенчил” саясий партиясы Садыр Жапаров менен байланышы бар. Ал эми, “Мекенчил” партиясынын мурдагы талапкерлери “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен шайлоого бара жатышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты