​“Ишеним” саясий партиясы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузду (Фактчекинг)

6-апрель күнү, Искен Афиджанов аттуу Фейсбук колдонуучусу Бишкек шаардык кеңешине депутаттыка ат салышып жаткан “Ишеним” саясий партиясынын бак-дарактарга үгүт баннерлерин илип койгонун жазып чыккан.

ПолитКлиника медиасы, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби тууралуу изилдеп көрдү.

Жумушсуздардын жана коррупцияга шектелгендердин партиясы

11-апрель күнү, Бишкек шаардык кеңешине депутаттыка ат салышып жаткан “Ишеним саясий патиясынын курамында 76 талапкер бар. Алардын ичинен 62%ы жумушсуз экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле, партиянын курамында 29-декабрь УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган Бишкек мериясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурунку орун басары Мирлан Амантуров бар. Мындан сырткары, 2009-жылы кант диабети менен ооругандарга талапка жооп бербеген щприцтерди сатууга айыпталган Айгуль Токомбаева да тизмеде 3-орун алган.

Белгилей кетсек, Айгуль Токомбаева мурдагы депутат Дамира Ниязалиеванын кызы.

Баннерлерди бак-дарактарга жайгаштыруу мыйзамсыз

2016-жылы кабыл алынган, Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 8.4 жана 8.6 пункттарында үгүт материалдарын дарактарга жана тарыхый маданий баалуулугу бар объекттерге жайгаштырууга тыюу салынганы жазылган.

Эгерде, ушул сыяктуу мыйзам бузуу фактылары катталса анда шайлоо комиссиясы тарабынан эскертүү жана атайын чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, 11-апрельде боло турган шайлоого, Бишкек шаардык кеңешинен 25 партия катышып жатат.

Жыйынтык: “Ишеним” партиясы шайлоо алдындагы үгүт мыйзамын бузганы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты