Дания жана Австрия мамлекеттери AstraZeneca вакцинасын токтоткону чын

Социалдык тармактарда Дания жана Австрия мамлекеттери AstraZeneca вакцинасынан баш тартышкандыгы, ал эми Кыргызстан дал ушул вакцинаны алары жөнүндө айтылган. ПолитКлиника медиасы бул суроону тактап көрдү.










Дания

Даниянын бийлиги AstraZeneca менен коронавируска каршы эмдөөнү токтото турууну чечти. Себеби дары колдонулгандан кийин кан уюп калгандыгы байкалган. Бул тууралуу 11-мартта Даниянын Саламаттыкты сактоо министри Магнус Хейнике Twitter баракчасына жарыялады.

Ал: “Саламаттыкты сактоо органдары өлүмгө алып келген тромбдордун олуттуу терс таасирин билдиргенден кийин, алдын-алуу максатында, AstraZeneca үчүн эмдөөлөрдү токтото турду”, — деп жазган.

Австрия

Австрия бийлиги COVID-19 га каршы эмдөөдө AstraZeneca вакцинасынын этияттык чарасы катары токтотууну чечти. Мындай чечимге вакцинанын бир партиясы менен эмдөөдөн кийин пациенттин өлүмүн иликтөөдө келишкен. Бул тууралуу 7-мартта өлкөнүн саламаттыкты сактоо боюнча федералдык кеңсеси (BASG) билдирген.

Ден-соолуктун коопсуздугу боюнча федералдык бюрого (BASG) Цветтл районундагы AstraZeneca вакцинасынын ошол эле партиясынан (ABV 5300) эмдөөгө байланыштуу эки билдирүү келип түшкөн: бир аял (49 жашта) катуу уюп калуунун натыйжасында каза болгон, өпкө эмболиясын жабыр тарткан дагы бир аял (35 жаш) дарыланууда.

“Учурда эмдөө менен себептик байланыштын далили жок. Бизге белгилүү клиникалык маалыматтардын негизинде себептик байланышты түзүү мүмкүн эмес, себеби, тромбоздук окуялар вакцинанын белгилүү же типтүү терс таасирлеринин катарына кирбейт. Учурда мүмкүн болгон байланышты толугу менен жокко чыгаруу үчүн, тиешелүү эксперттердин катышуусу менен бардык зарыл болгон тергөө иштери ылдамдыкта жүрүп жатат. Коопсуз тарапта болуш үчүн, жабыркаган вакцина партиясынын калган запасы чыгарылбайт жана эмделбейт”,- деди.

Кыргызстан 504миң вакцина алат

Оксфорд университети Улуу Британияда катталган англия-шведдик фармацевтикалык компания менен биргеликте AstraZeneca вакцинасын иштеп чыгышкан. Вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген баалоосу боюнча Pfizer вакцинасынан кийин эле экинчи орунда турат.

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атынан биздин министликке COVAX механизминин алкагындагы AstraZeneca аттуу вакцинасынын 504 миң дозасы келиши жөнүндөгү кат жолдонгон. Болжол менен марттын башында 40%га чейинкиси, кийин 60%ы келиши күтүлүүдө”,- деп билдирген.

Жыйынтык: Дания жана Австрия мамлекеттери AstraZeneca вакцинасын убактылуу токтоткону — чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты