Кыргызстанга Pfizer вакциналарынын үлгүлөрү эмес, документтери изилдөөгө келди

Кыргызстанга Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцинанын үлгүлөрү келгендигин бир канча ЖМКлары билдиришкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышканыбызда, Кыргызстандын кароосуна Pfizer компаниясы иштеп чыккан вакцинанын кыскача документациясы келип түшкөнү белгилүү болду.

Адистер бул вакцинаны алып келүү, сактоо жана тез убакытта вакцинация процессин жүргүзүү жолдорун карап чыгышы керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсенбаев бүгүн брифингде билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, бул вакцинаны колдонуу үчүн температуралык талаптарды аткарыш керек:

Pfizer компаниясынын вакцинасын колдонуу үчүн -70С градустагы температуралык режимди сакташ керек. Тилекке каршы, биздин өлкөдө мындай режимди сактоого мүмкүнчүлүктөр жок. Биз муну изилдешибиз керек. Эгер керек болсо бул температуралык режимди пайда кылууга каражат табышыбыз керек болот”, — деп билдирген Нурболот Үсөнбаев.

Биздин редакция бул билдирүү тууралуу Республикалык иммундук профилактикалык борборунун жетекчиси Гүлбара Сатыгулова менен маек курду.

Вакцинанын үлгүсү эмес, кыскача документациясы келген

Гүлбара Сатыгулова Кыргызстанга кечээ Pfizer компаниясы иштеп чыгарган вакцинанын кыскача документациясы келгенин билдирди.

Бизге кечээ вакцинанын кыскача мүнөздөмөсү келди. Ал жерде вакцина сакталышы жана колдонулушу тууралуу кыскача маалымат жазылган. Бул вакцина тууралуу дагы толук маалымат келишин күтүп жатабыз”, — деди Гүлбара Сатыгулова.

Эгер вакцина келсе, коомдун аярлуу катмарына биринчи сайылат

Маектешибиздин айтымында, сунушталган вакцина келсе, социалдык кызматкерлер жана коомдун аярлуу катмарына биринчи кезекте жеткиликтүү болот.

COVAX глобалдык механизминин негизинде, биздин өлкөгө 1 млн 200 миңдин тегерегиндеги вакцинанын дозасы келүүсү күтүлүүдө. Бул калктын жалпы санынан 20%ын түзөт. Келишимге ылайык, бул вакциналардын үч пайызы социалдык кызматкерлерге жеткиликтүү болот, калганы коомдун аярлуу катмарына берилет. Бул көлөмдөгү вакцина кайтарымсыз түрдө берилет”, — деп билдирди Гүлбара Сатыгулова.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, COVAX глобалдык системасы дүйнө өлкөлөрүнүн коронавируска каршы вакцинага бирдей жетүүсүн камсыздайт.

Pfizer компаниясынын вакцинасы сунушталышы мүмкүн

Pfizer компаниясынын вакцинасын өнүккөн өлкөлөр массалык түрдө колдонууга уруксат бергени буга чейин маалымдалган. Гүлбара Сатыгулованын айтымында, Кыргызстанга дал ушул вакцина сунушталышы мүмкүн.

Биздин өлкөгө Pfizerдин вакцинасы сунушталышы мүмкүн, анткени бул вакцинанын эффективдүүлүгү 95% экендиги маалымдалып жатат жана АКШ, Британия, Израиль сыяктуу өлкөлөр массалык түрдө колдонууга уруксат беришти. Бирок, биз кайсы гана вакцина болбосун, аны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун каттоосунан өтүүсүн күтөбүз. Азыркы учурда сегиз вакцина ДССУнун каттоосунан өтүүнү күтүп жатат. Эгер каттоодон жакынкы убакытта өтсө, вакцина бизге май-июнь айларында келиши мүмкүн”, — деп маалымдады Гүлбара Сатыгулова.

Вакцинаны сактаганга шарттар жок

Республикалык иммундук профилактикалык борборунун айтымында, вакцинаны колдонуу үчүн тийиштүү шарттар түзүлүшү керек. Мекеменин жетекчиси Гүлбара Сатыгулованын айтымында, вакцинаны колдонуу үчүн көптөгөн шарттар түзүүш керек.

Вакцинаны колдонуу үчүн биз -70 градустагы температуралык режимди түзүшүбүз керек. Мындай режимди сактоо үчүн атайын муздаткычтар сатып алынышы керек. Мындан сырткары, вакцинаны колдонуу үчүн атайын транспорт, температуралык көрсөткүчтү көзөмөлдөгөн датчиктер, атайын 0,3 мм шприцтерди сатып алышыбыз керек. Азыр бул шарттарды түзүү үчүн экономика министрлигинин адистери менен кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, — деди Гүлбара Сатыгулова.

Ошондой эле, Гүлбара Сатыгулова Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы +2ден +8ге чейин температуралык режимди сактаган муздаткычтар менен 80%га камсыз болгонун, бирок бул көрсөткүчтөрдө вакцина беш эле күн сакталарын билдирди.

Өзүбүз сатып алсак, он төрт доллар болуусу күтүлүүдө

Вакцинанын кайтарымсыз түрдө берилген дозаларынан сырткары сатып алабыз десек, баасы он төрт долларды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу биздин маектешибиз билдирди.

Вакцинация эки этаптуу болот, алардын ортосундагы аралык жыйырма бир күндү түзөт. Вакцинанын бир сайылышы 4-8 доллардын тегерегинде болуусу күтүлүүдө. Демек, вакцинациянын жалпысынан он төрт доллар түзүшү күтүлүүдө. Эгер биз калктын 30%ына вакцина алабыз десек, он пайызын өзүбүз төлөп калабыз”, — деди Гүлбара Сатыгулова.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вакцина дүйнө өлкөлөрүнө бирдей жетүүсү үчүн бир канча программа менен иш алып барат. Бул тууралуу уюмдун сайтында белгиленет

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты