​Жыртык бюджеттен 1 млрд. 200 млн сом алып, ар бирине 2000 сомдон беришет

Фактчекинг

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна болгон иш сапарында 100 миң сомго чейин алган насыялардын үч айлык үстөк пайызын Өкмөт төлөп берерин айткан. Анын айтымында, муну ишке ашырууга 1 млрд. 200 млн. сом сарпталат. Ошондой эле, Садыр Жапаров жыйынтыктоочу маалымат жыйынында бул акчанын булактарын белгилеген эмес.

Экономикалык кылмышка шектенгендерден алынган акча

Финасы министрлигинин бизге берген маегинде 1млрд. 200млн. сом бюджеттен алына турганы маалым болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында бул каражат экономикалык мунапыстын жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринен түшкөн акчалардан алынат:

“Азыр 100 миң сомго чейин алынган насыялардын үч айлык үстөк пайызын төлөө пландаштырылып жатат. Ал максатка 1 млрд. 200 млн. сом кетери божомолдонуп жатат. Бул сумма азайышы же көбөйүшү мүмкүн. Ал акча экономикалык мунапыстан жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринен депозиттик эсепке түшкөн акчалар. Насыя алган адамдардын 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь,февраль айларынын үстөк пайызын төлөйбүз. Бул акчалар 2021-жылдын бюджетинин эсебине Өкмөт токтому менен отургузулат, анан анын эсебинен болот. Анткени декабрь айынын үстөк пайызын январдын башында төлөйбүз. Жалпысынан үч транш менен төлөнөт”, - деди Алмазбек Кочкоров.

Мындан сырткары, Алмазбек Кочкоров насыя алган адамдардын үстөк пайызын төлөп берүү демилгеси Улуттук банктыкы болгонун айтты:

“Улуттук банк бул демилгени сунуштап, колдоого алынган. Улуттук банктын алдын ала эсеби менен 1 млрд 200 млн. сом болот экен. Бул демилгени Финансы министрлиги Улуттук банк менен бирге иш алып барып, ишке ашырууну көздөп жатабыз. Экономикалык мунапыстан жана укук коргоо органдарынын ишинин негизинде депозиттик эсепке түшкөн акчаны Өкмөттүн токтому менен бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизип, үстөк пайыздарды төлөөдө бул сумма бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргизилет”, - деп билдирди Алмазбек Кочкоров.

Улуттук банктан маалымат

Биз 1 млрд. 200 млн. сом канча адамдын үч айлык үстөк пайзын жапканга жетерине кызыгып Улуттук Банкка кайрылдык.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык үстөк пайызын кечүү маселесинин үстүндө иштеп жатат. Улуттук банктын 2020-жылдын 1-октябрына карата берген маалыматына ылайык, орточо эсеп менен коммерциялык банктардан 250 миңдин тегерегинде, ал эми финасы-кредит уюмдарынан 350 миңдин тегерегинде жаран 100 миң сомго чейин насыя алган.

Өкмөт токтомунда эмнелер каралган?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында бул тууралу токтом жарыяланган. Анда Садыр Жапаров насыялардын үчайлык үстөк пайызын жабыш үчүн Финансы министрлигине бюджеттен салыктык эмес бир миллиард эки жүз элүү үч миллион эки жүз он алты миң сом бөлүп берүү тапшырмасын берген. Ал сумма үстөк пайыздарды жабууда үч транш менен банктарга которулат.

2 миң сомду үч транш менен

Улуттук банктын берген маалыматына караганда, жалпысынан 600 миң адам 100 миң сомго чейин насыя алган. Демек, бюджеттен бөлүнө турган 1 млрд 200 млн сомду 600 миң адамга бөлсөк, ар бирине 2000 сомдон туура келет. Аны үч транш менен бөлүп төлөп берсе айына 700 сомдон туура келет. Бул кандай жардам болушу мүмкүн?

Саясий кадам

Насыялардын үстөк пайызын жабууга 1 млрд 200 млн. сом сарптоо чечими туура эмес кадам болгонун айтат экономист Сейтек Байгуттиев.

“Азыркы бюджеттин тартыштыгын эске алганда, туура эмес кадам болуп жатат. Ар кайсы булактардан акча издеп жатканда, бюджеттик ар бир сом эске алынышы керек. Тышкы жана ички карыз бар экендигин да эске алыш керек. Учурда экономика үнөмдүү болгону туура”, - деди Сейтек Байгуттиев.

Мындан сырткары Сейтек Байгуттиев бул кадамдын саясий максаты бар деген оюн айтат.

“Садыр Жапаров Президенттике талапкер экендигин унутпаш керек. Бул нерсени мурун же шайлоодон кийин кылса болмок. Бул кадамды коомчулук шайлоого даярдануу жана шайлоочуларды чогултуу, мыйзам бузуу катары кабыл алышы мүмкүн”, - дейт Сейтек Байгуттиев.

Сүрөт: Акчабар