​Шайлоо алдындагы фейк маалыматтарды текшерүү жолдору

Баяндар

Социалдык тармактардын ар бир колдонуучусу маалыматты өз алдынча текшерип, анын чын-бышыгын аныктай алат. Алардын бир нече жолдору тууралуу макалабызда сөз кылалы.

“Бир бол” партиясы саясий кеңешинин курамы өзгөргөнүн, партия катары жаңы адамдар менен толукталганын жазып, атайын жасалган сүрөт менен бөлүштү. Ага улай эле, ошол сүрөттү пайдаланып, партияга кирбеген адамдарды сүрөткө чаптап тараткандар болду. “Бир бол” гана эмес, ушундай эле чындыкка туура келбеген талапкерлерден тизме түзүп “Ата Мекен” партиясынын тизмеси” деп дагы популярдуу группаларда тараткандар болду.

Биз бул материалда мындай учурда маалыматты кантип текшерсе болорун айтып беребиз.

Адегенде “Бир бол” партиясынын расмий барагында бул жаңылык, сүрөт пайда болгон.

Андан кийин эле популярдуу группаларда ушуга окшогон башка сүрөттөр, талапкерлердин тизмеси “Эскилерди чогулткан Бир бол” деген жазуу менен пайда болду.





Ушундай эле жол менен жасап, “Ата Мекен” партиясынын тизмеси деп таратып жатышты.


























Бул маалыматтардын чын-төгүнүн териштирбей туруп ишенгендер, аны өзүнүн баракчасын бөлүшкөндөр болгонун комментарийлерден, бөлүшүлгөн посттордон көрүүгө болот.

Биз мындай маалыматтарга ишенерден, аны бөлүшөрдөн мурда текшерип көрүүнүн жөнөкөй жолдорун айтып беребиз:

  • Партия тууралуу сөз болуп жаткан болсо, сөзсүз түрдө ал партиянын расмий баракчасын издеп көрүңүз. Бул жолу “Бир бол”,Ата Мекен” партияларынын баракчаларынан расмий маалыматтарды көрө аласыз.
  • Эгерде партиянын атын жазганда көп баракчалар чыгып жатса, ал баракчанын жазылуучуларынын санына дагы көңүл буруңуз. Бул мисалда, “Бир бол” партиясынын катталуучуларынын саны 4867, “Ата Мекен” партиясынын катталуучуларынын саны 11 200. Эгерде катталуучулардын саны аз болсо, анда бул баракча партиянын расмий баракчасы экенинен шек саноого негиз болот.
  • Эгерде партиянын баракчасын таппасаңыз, партия лидерлеринин аккаунттарын, же талапкер деп көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин баракчаларына кирип көрүңүз.


Маалыматты ким таратып жатканына дагы көңүл буруңуз

Бул мисалдарда “Бир бол” партиясынын тизмеси деген маалыматты Канат Уланов деген аккаунт түрдүү группаларга бөлүшкөн. Аккаунт тууралуу маалыматтарды карсак, өз баракчасына бир гана сүрөт жүктөгөн жана болгону 5 досу бар. Башка өзү тууралуу бир дагы маалымат көрсөтүлгөн эмес.









Ал профилине жүктөгөн жалгыз сүрөттү гуглдан тескерисинен издеп көрсөк, ал казак жигиттин Твиттерге жүктөгөн сүрөтү болуп чыкты. Демек, бул фейк аккаунт. Анын тараткан маалыматтары дагы калп деген жыйынтыкка келүүгө болот.








Ал эми “Ата Мекен” партиясынын тизмеси деген маалыматты тараткан Ширин Фокс деген аккаунт. Жогорудагыдай эле, бир гана сүрөттү жүктөгөн, болгону 3 гана досу бар, алар дагы кыргызстандыктар эмес экени көрүнүп турат. Аккаунт тууралуу башка бир дагы маалымат жок.

Бул сүрөттү дагы гугл картинки аркылуу тескерисинен издеп көргөнүбүздө wopita.com сайтында Мисс Казакстан деген аккаунтка илинген кыздардын сүрөттөрүнүн бири болуп чыкты.



Демек, Ширин Фокс деген аккаунт дагы фейк.

Бул эки профилдин тең достору жок, андыктан, болгон маалыматтарды популярдуу группаларга таратышарын көрдүк.

Жыйынтык:

  1. Бардык маалыматты бөлүшөрдөн мурда, сын көз карашта кабыл алып, бул фейк болуп жүрбөсүн деп күмөн санаганыңыз оң;
  2. Маалыматты расмий булактардан, партиянын баракчаларынан жана анын лидерлери тараткан маалыматтан текшериңиз;
  3. Баракчага канча адам катталган, буга чейин кандай маалымат таратып келгенине көңүл буруңуз;
  4. Маалыматты ар кандай группалар менен бөлүшкөн колдонуучунун профилин текшерип көрүңүз. Ал чыныгы адамбы же фейкпи? Социалдык тармакта канча “досу” бар, кандай маалымат жайылтат деген сыяктуу суроолорго өз алдынча жооп издеп көрүңүз. Ал колдонуучуунун аватар сүрөтүн google картинки же yandex картинки сервистерине жүктөп, текшерип көрүңүз;
  5. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишенимдүүлөрүнө гана басым жасаңыз.

ПолитКлиника

БаяндарФактчекингМедиа_Блок_Пост