Кыргызстандагы ЭКО менен төрөлгөн балдардын алды 9га чыгып калды

Кыргызстандагы ЭКО менен төрөлгөн балдардын алды 9га чыгып калды

“Профессор Асымбекованын клиникасынын” жетекчиси Гүлнара Асымбекова

Медицинанын өнүгүп турган маалында бардыгын жасап алууга, жада калса жасалма бойго бүтүрүү дагы кадимки эле көрүнүш болуп калды. Балалуу болууну каалап бардык аракеттерин жумшаган түгөйлөргө жасалма жол менен бойго бүтүрүү — ЭКУ ыкмасы жубайларга ата-эне болуу бактысын тартуулап келүүдө. Өлкөбүздө алгачкылардан болуп бул технологияны иш жүзүнө ашырып келе жаткан Бишкектеги “Профессор Асымбекованын клиникасынын” жетекчиси ГүлнараАсымбекова ой бөлүшмөкчү.

ЭКУ тууралуу кыскача:

Медицинада экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО – экстракорпоральное оплодотворение) деп аталат. ЭКУ ыкмасында аялдын бышып жетилген урук безин, ошол эле учурда эркектин да спермасын алып лабораторияда экөөнү бир пробиркага жайгаштырат. Пробиркада түйүлдүк пайда болгондон кийин ал аялдын жатынына салынат. Латынчадан «extra» – «сырткары», «сorpus» – «дене» деп которулат. ЭКУ технологиясын ойлоп тапкан окумуштуу Роберт Эдвард бул ачылышы үчүн 2010-жылы Нобель сыйлыгын алган. Алгачкы жолу 1978-жылы жасалма бойго бүтүрүү ыкмасы менен англиялык айым Луиза Браун жарык дүйнөгө келген. Бул окуя дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй сенсацияны жараткан. Кыргызстанда биринчи жолу бул ыкма менен эки эгиз бала төрөлгөн.

— ЭКУ ыкмасы кандай учурда колдонулат?

— Аялдарда: жатын түтүкчөлөрү сезгенүүдөн улам урук клеткалары өтпөй калганда, жатын түтүкчөлөрү алынып салынса, мурун операция болсо (мисалы спайка ж.б.) же гормоналдык бузулуудан улам бойго бүтпөгөндө жана башка учурларда. Эркектерде: урук клеткаларынын кыймылы аз болсо, крипторхизм оорусунда (жумуртканын урук баштыкчасына түшпөй калышы), варикоцеле (урук каналчаларындагы венанын кеңейиши) жана башкада.

— ЭКУ ыкмасынын алгачкы этаптары кандай?

— Жасалма жол менен бойго бүтүрүүнү каалаган ата-энелер алгач дарыгер менен маектешкен соң экөө тең тийиштүү текшерүүдөн өтөт. Бизге кайрылгандардын 10% текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү бар экени аныкталат. ЭКУ процедурасы бир нече этаптан турат. Мультифолликулярдык өсүүнү тездетүү (бир циклде жайнаган фолликулдар бир убакта өсүп өөрчүйт), фолликуларды ийне менен тешүү (пункция) жана ооциттерди алуу, эмбриология лабораториясында ооциттерди уруктандыруу… 2-5 күндөн кийин пайда болгон эмбриондорду (түйүлдүктөрдү) аялдын жатынына которот.

— ЭКУ ыкмасын канча жолу колдонсо болот?Кыргызстандагы ЭКО менен төрөлгөн балдардын алды 9га чыгып калды

— Бул негизинен жыйынтыктан көз каранды. Көбүнчө аялдын жашына жана абалына байланыштуу. Эгер 20-35 жашка чейин болсо ошончолук жакшы жыйынтык берет. 35-45 жашка чейин кичине азырак болот.

— Ашыкча урук клеткаларын канча жылга чейин тоңдуртуп салууга мүмкүн?

— Бизде ашыкча урук клеткалары бир нече жылга чейин сакталат. Кийин баласы чоңойгондо, кайра кайрылган учурлар көп. Кээ бир изилдөөлөрдө 100 жылга чейин тоңдуруп сактап коюуга болот деп жазылат.

— ЭКУ ыкмасы ийгиликтүү болбой калган учурлар кездешеби?

— Табигый жол менен деле ар дайым бойго бүтө бербейт. Ошол сыяктуу эле бул жерде дагы аялдын жашы жана абалы чоң роль ойнойт. Эгер жаш болсо бул ыкманы ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Албетте дүйнө жүзүндө бир дагы клиника 100% жыйынтык бере албайт. Негизинен бул ыкманы колдонууда эгиз же үч эмдүү балдар төрөлүүсү толук ыктымал. Мисалы, үч урук клеткаларын салса, анын үчөө тең бирдей өрчүшү мүмкүн же экөө же такыр өрчүбөй калышы дагы ыктымал. Ийгиликтүү болбой калган учурда кайра бир нече ирет бул ыкманы колдонууга болот.

— ЭКУ ыкмасы колдонуу кызматына канча каражат керектелет?

— Биздин Кыргызстандын шарты боюнча кичине кымбатыраак болуп калат. Бирок башка клиникаларга караганда биздин клиника бир аз арзан. Жалпысынан орто эсеп менен 2700$-3900$ чейинки каражат керектелет.

— ЭКУ ыкмасын колдонгон кардарлардын ысымы жашыруун бойдон калыш керекпи?

— Бизде кыргыздардын менталитети боюнча көбүнчө “мен ЭКУ ыкмасын менен төрөгөм” деп айткысы келбейт. Алар балалуу болгондон кийин ачыкка чыкпайт. Биз дагы бул ыкманы колдонордон мурда ошол кардар менен келишим түзөбүз. Ошондо сиздин бул маалыматты эч кимге бербейбиз, ачыкка чыкпайт, өзүңөрдө эле калат деп сүйлөшөбүз. Келишимди түзүп жатканда протоколго тургандан баштап, бойго бүткөнгө чейин келишимде белгиленет. Андан ары кардар өзү чечет. Бирок сиз, мисалы, ушул тууралуу бир адамдын ысымы же башка ага тиешелүү маалыматты сурасаңыз кардар жана жолдошунун уруксаты жок биз бербейбиз.

— ЭКУ ыкмасы менен бойго бүткөн балдар кандай өзгөчөлүккө ээ?

— Мындай балдар башкалардан эч кандай айырмаланбайт. Ар бир кош бойлуу айым өзүн улам дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруусу шарт. Бир гана мындай ыкма менен төрөй тургандарды биз дүйнөлүк ЭКУ ыкмасынын көрсөтмөлөрүндө жазылгандай кесарево жолу менен төрөтүүнү сунуштайбыз. Бирок кандай төрөйт ал ар биринин өз чечими. Бул ыкма менен төрөгөн айым менен биз дагы биргеликте сүйүнөбүз. Анткени канчалаган мээнет, психикалык жактан да оор соккуга дуушар болгон жубайлар ата-эне бактысына ээ болушу чоң кубаныч.

— Өлкөбүздө ЭКУ ыкмасы менен төрөлгөндөрдүн алды канчага чыгып калды?

—  Бул ыкма менен төрөлгөн балдар көп. Алгачкы өлкөбүздө ЭКУ ыкмасы менен төрөлгөн бала 8 –9 га чыгып калды.

Кыргызстандагы ЭКО менен төрөлгөн балдардын алды 9га чыгып калды

Замира Молдошева

Замира Молдошева, стилист: “ЭКУ жолу менен төрөгөнүмдү жашырып келгем”

Стилист Замира Молдошева “Аки-Пресске” маек берип, анда ЭКУ жолу менен боюна бүтүп, кыздуу болгонун ачык айтып берген. Биз ушул маектен үзүндү беребиз.

—  Кызым бул жолдошум экөөбүз 15 жыл күткөн наристебиз. Мына азыр 1 жашка чыгып калды. Буга чейин мен ЭКУ ыкмасы менен бойго бүткөнүн жашырып келгем. Анткени менин баламды башкалар сөөмөйү менен көрсөтүп, өзүн башкалардан өзгөчө сезбесин дегем. Негизинен табигый жол менен балалуу болуу бул чексиз бакыт. Бирок эгер болбой жатса ЭКУ ыкмасы ал бакытты тартуулаган дагы бир чоң жардамчы. Мен бул ыкманы Алматыдан жасаттым. Биринчи аракетте жыйынтык болбой, экинчи жолкусунда кош бойлуу болдум. Балалуу болуу бактысын көздөгөн айымдарга кеңешим — эч качан үмүт үзбөгүлө, бул жылы болбой калса кийинки жылы буюрса болот. Мен бир аялды билем, ал 26-аракетинде кыздуу болгон, бир аял 54 жашында эгиз балалуу болгон, мындай бактылуу көз ирмемдер абдан көп болот.

Жазгүл Жекшенова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты