​Түштүк Кореяда коронавирустан айыккандардан вирус кайра табылганы чындык. Бирок, вирустун кайра пайда болуу себеби белгисиз

Социалдык тармактарда Түштүк Кореяда коронавирустан айыккан жарандардан кайра вирус аныкталганы талкууланып жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

ММКлардын маалыматы боюнча, 10-апрелде Түштүк Кореяда коронавирустан айыгып, карантинге чыккан жарандардан кайра вирус аныкталган. Бул тууралуу Кореядагы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун директору (KCDC) Чон Ен Кен билдирген. Бирок, бул тенденциянын артында эмне турганы азырынча белгисиз, эпидемиологиялык иликтөөлөр дагы деле уланып жатат.

Түштүк Кореялык Yonhap маалымат агенттиги Кореядагы ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун директору (KCDC) Чон Ен Кенго шилтеме кылуу менен буга чейин коронавирустан айыгып, кайра тесттен вирус аныкталгандардын саны 110дон ашканын билдирди.

The Guardian маалымат агенттиги, Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул маалыматты иликтеп жатканын жазып чыкты.

Испаниянын Улуттук биотехнология борборунун вирусологу Луис Энхуанес Би-Би-Сигеберген маегинде коронавирустун айыгып кеткен бейтаптардын кеминде 14% тесттен кайра вирус бар экенин көрсөткөн.

Анын ою боюнча, бул вирусту кайрадан жуктуруу учуру эмес, буга чейин вирус жуктуруп, ооруп бүткөн адамдын денесинде вирустун кайрадан көбөйүшү:

“Жалпысынан бул коронавирус популяцияда ага каршы иммунитеттин пайда болушуна алып келет, бирок кээ бир адамдарда бул иммундук реакция алсыз. Бул иммундук реакция жайлаганда, организмде калган вирус кайтып келет”, — дейт вирусолог.

Жыйынтык, бул маалымат чындык. Бирок, азыр эмнеден улам кайра вирус кайталанып жатканы белгисиз.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты