Коронавирус тууралуу фейктерден кантип сактанабыз? Кыргызстандагы башкы фактчекерден кеңештер

COVID-19 пандемиясы учурунда дүйнө жүзүндө фейк жаңылыктар күч алды. Бул көрүнүш Кыргызстанды дагы кыйгап өткөн жок. Бир күнү коронавирустун вакцинасы табылыптыр деген жаңылык чыкса, бир күнү “вертолет менен дезинфекция кылышат экен, терезелериңерди жапкыла” деген жаңылыктар тарап жатат. Бул көрүнүш инфодемия деп аталып калды.

Фейк маалыматтар эмнеси менен коркунучтуу? Такталбаган маалыматтардын кесепеттери дагы начар болушу мүмкүн. Көпчүлүк бул маалыматтын шары менен ызы-чуу түшүп, же тескерисинче, “дарыланбай эле, сарымсак жеп отурса айыгып калат экен” деген маалыматтарга ишенип отуруп, өзүнүн эле эмес көп адамдардын ден-соолугуна олуттуу зыян келтирип алышы мүмкүн. Муну менен өлкөдөгү, дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга таасир этет.

Мына ушундай учурда өзүбүздү калп, фейк маалыматтардан кантип сактайбыз? Кыргызстандагы башкы фактчекер катары белгилүү журналист, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров кеңеш берет:

Сүрөттө: Фактчекер Болот Темиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты