“Work and travel” программасы менен Америкага кантип барып келсе болот?

“Work and travel” программасы менен Америкага кантип барып келсе болот?“Work and travel” же “АКШда иштөө жана саякаттоо” программасынын алкагында студенттерге жайкы каникулда иштеп да, саякаттап да келүү мүмкүнчүлүгү бар. Жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө окуу менен бирге англис тилинде мыкты деңгээлде сүйлөй алган студенттер катышуу укугуна ээ. Кесиптик-техникалык окуу жайда окуган студенттер кандай окуу формасында окубасын, катыша алышпайт. Жаш боюнча чектөөлөр болбогону менен 23-24 жаштан жогоркулар тобокел группасына түшүп калуу коркунучу бар.

Программанын катышуучулары көбүнчө тейлөө тармагында, тагыраак айтканда курорт, отель, бассейн, дүкөн, ресторан, парк ж.б. көңүл ачуучу жайларда иштешет. Мындан сырткары, архитектуралык бюролордо, илимий-изилдөө уюмдарында, реклама агенттиктеринде, электроника тармактарында, юридикалык ишканаларда иштегендер да бар. Бирок жогорку жумуштар мезгилдүү эмес болгондуктан, өкүлчүлүк көпчүлүк учурда бул тармактарда иштегиси келгендерди албай коёт.  Катышуучулар америкалык жумушчулардын эквивалентиндеги айлык акыны алышат, минималдык чек саатына 7,25$.

Баарлашууга кантип даярдануу керек?

Баарлашуу бир мүнөттөн үч мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Кээде беш мүнөткө чейин болгон учурлар болот. Ушул убакыттын ичинде консулду өзүңүздүн мыйзамга баш ийген адам катары АКШда эч кандай мыйзам бузууларга барбастыгыңызга, эң негизгиси — мөөнөттүн бүтүшү менен мекениңизге кайтып келе тургандыгыңызга ынандырууңуз керек. Сүйлөшүү учурунда ар түрдүү суроолор берилиши ыктымал. Мисалы,
1. Аталган программа жөнүндө;
2. Өзүңүз тууралуу (кайсыл жактансыз, кайда окуйсуз, жетишкендиктер, эмнеге зачёткаңызда үч деген баа турат, Кыргызстандын келечегин кандай көрөсүз, ата-энеңиз ким? ж.б.);
3. Америка жөнүндө суроолор: АКШ жөнүндө  эмнелерди билесиз, эмнеге ал жакка барууну чечтиңиз, ал жакта дос-тааныштарыңыз барбы, алар менен жолугууну каалайсызбы ж.б.

Үйдөн алдын-ала ушул сыяктуу суроолорго жооп берип даярданып алыңыз, бул сиздин баарлашууда өзүңүздү ишенимдүү сезишиңизге жардам берет.
Керектүү документтерди (маалымкат, мүнөздөмө ж.б.) алдын-ала даярдап алыңыз. Документтериңиз сиздин жакшы жактарыңызды камтып жана сиздин сөзсүз түрдө мекениңизге кайра кайта тургандыгыңызды тастыктап турушуңуз керек.

Баарлашууга керектүү документтердин болжолдуу тизмеси:

  • 5×6 см өлчөмүндөгү түстүү сүрөт
  • Окуган жеринен маалым кат жана мүнөздөмө (мүнөздөмөдө сиздин окуудагы жетишкендиктериңиз жазылышы керек)
  • Үй-бүлөлүк киреше тууралуу маалымат
  • Чет өлкөгө чыгуучу паспорт (түп нускасы)
  • Транскрипттин же зачеттук китепченин түп нускасы
  • $ 160 – консулдук жыйым (бардык сумма АКШ доллары менен же ошол күнкү курс боюнча сом менен)
  • Координаторлор даяр визалар менен паспортторду белгиленген график боюнча алып кете алышат.

Өз укугун билүү

Америкага кетээрден мурда сиздин кандай укуктарыңыз бар экендигин билип алууңуз керек. Эгер Уилберфорс мыйзамын окугандан кийин сизде укуктарыңыз тууралуу суроо пайда болгон болсо, өкүлчүлүктө баарлашуу учурунда сурап алсаңыз болот,  консулдуктун кызматкерлери керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Айдос Мукашев,  “Work and Travel” программасы менен Америкага барган. Ал биз менен программа тууралуу пикирлерин бөлүштү.

— 2013-жылы аталган программа менен АКШга барып, эл катары Макдональдс тез татымында “Work and travel” программасы менен Америкага кантип барып келсе болот?кассир болгом. Жумушту атайын агенттик таап берген. Алгач онлайн баарлашуу өткөрдүк, талаптарына жооп бердим окшойт, жыйынтыгында мени кабыл алышты. Менимче, консулдуктун талабына жооп берүү үчүн  англис тилинде  оюңду так айтып, өзүңдү жакшы жагынан  таанытсаң жетиштүү. Андан бери  төрт жыл өткөнүнө байланыштуу, ортодо башка дагы баарлашуулар болду, ошол себептен алардын берген суроолору эсимде  калбаптыр. Чынында ал жакта жашоо ары кызыктуу, ары динамикалуу, жаштар үчүн бул эки нерсе маанилүү, анан дагы айлык акысы жакшы болгондуктан баргандар калып калышат. Мага дагы  калып калуу жөнүндө ой келди, бирок кээ бир себептерден улам ал оюмдан кайттым.
“Work and Travel” программасы менен кеткен студенттер бул программанын талаптарына ылайык, мекенине кайтып келиши керек. Бирок Кыргызстандан барган студенттердин көпчүлүгү виза мөөнөтү бүтсө да, мыйзамсыз калып калышат.

Табылды Мурабеков, бул программа менен 2014-жылы Америкага барып иштеп келген:

“Work and travel” программасы менен Америкага кантип барып келсе болот?—Тандап алуу же өтүү процесси бир канча этаптан турат. Алгач ортомчу компаниялар менен келишим түзүлөт. Алар АКШдагы жумуш берүүчүлөрдү таап, документтерди даярдап беришет. Баары даяр болгон соң АКШнын консулдугуна кирүү убактысын күтүп, маалы келген соң, элчиликте консулдун кабыл алуусунда болот.
Иштин акыркы чекити ошол жерде коюлат. Кээ бирлер бактысына жараша «Ийгилик» деген жооп алса, кээ бирлер ал жерден үшкүрүнүп чыгышат. Программага катышкандын баары эле өтүп кете албайт. Негизги талап — англис тилиң ортоңку деңгээлден жогору болуусу кажет. Эч болбоду дегенде нан сураганды билишиң керек дегендей. Консул менен жолугуу чоң психологиялык даярдыкты талап кылат. Эгер суроолоруна ишенимдүү, ынандыраарлык жооп бербесе, виза берүүдөн баш тартат.
Себеби, алар студент АКШга чындап белгилүү максаты менен барып, белгиленген мөөнөттө кайтаарын билүүгө аракет кылат. Жеке мен үчүн виза алуу өтө татаал болгон эмес. Себеби, анын алдын психологиялык жактан даярданган элем. «Кандай болсо да жакшылыкка» деп ж.б. Анан, менде ал жерде көпкө калуу максатым жок болгондуктан суроолоруна ишенимдүү түрдө чындыкты айтып жооп бергем.
Баарлашууда жогоруда айткандай эле эркин алып, берген суроолоруна жооп бергенбиз.
Ишенимдүү болуш үчүн консулга жакын досум менен сүйлөшүп аткандай элестетип алып суроолоруна жооп берген экем (күлүп). Жалпысынан 4 суроо берсе керек.
Алар: АКШга баруудагы максатың? Келечекте ким болосуң? Кайда иштейсиң? Бирөө эсимде жок.
Барганда эки жумушта иштегем. Биринчиси пиццерияда пиццамэйкер, экинчисида тамактануучу жайда.
Негизи, АКШга учуп бараткандагы, жеткендеги, иш орун жок болуп жумуш издеген күндөр, бир шаардан экинчи шаарга велосипед менен чыгып, дөңгөлөк жарылып, жаанда калып, көптөгөн кызыктуу күндөрдү башыбыздан өткөргөнбүз.
Ал жакта калып калуу тууралуу ой программага өтүп, кетип атканда да, ал жерде жүргөндө да болгон эмес. Чынында мага баары жаккан. Бирок максатыбыз башкада эле.
Ооба, мыйзамды бузуп калып калган студенттер көп. Мисалы, менин баамымда АКШга барабыз диппрограммага тапшырган студенттердин 100дөн 30 же 40тайы гана өткөн. Ал эми ал жерден кайтпай койгондор да анын жарымындай болушу мүмкүн.
Калып калууларына бир канча себептер бар.

Мисалы:

* финансылык кызыкчылык (айлык жакшы, шарттар түзүлгөн);

* жашоодо көздөгөн белгилүү  максаттардын жоктугу;

* Кыргызстанда келечегин татыктуу элестете алышпайт. Беш кыргыз бир жерде иштегенбиз. Экөөбүз бир маалда кайттык. Үчөө калып калган. Кийин дагы бирөө келгенин билем. Жакында эле жакын дос балам келди. Тактап айтканда, депортацияга кабылды. Ал ошол программа менен барып, жашап жатканына беш жылдан ашкан.

Ошентип, депортацияга кабылып келип олтурат. Эми андайлар АКШнын ичинде мыйзам бузбаса шаардан-шаар которуп жүрө беришет. Маселе жаралып, документтерди тактай келсе, мыйзамсыз экени аныкталса, кетирип жиберишет.

Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты