“Эне күчтүү канча жоону жеңсең да…”

“Эне күчтүү канча жоону жеңсең да...”

“Кыргыз тилектештиги” коому —“Ак кемеде” — ак элечек апалар-2017” аттуу иш-чараны Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-2-июлунда өткөрдү. Ага Кыргызстандын бардык облустарынан 274 өкүл чакырылган. Бирок иш-чарага келген аялзаты белгиленгенден алда канча көп болгондугу бул иш-чара коомчулукту  өзүно канчалык тартып тургандыгынан кабар берет. Ак элечек апаларды  маданий-этнографиялык “Рух ордо” комплекси кучагын тосо кабыл алды. “Алыкул” аттуу ак кеме конокторду салып алып,  көл үстүндө эс алдырды.

“Эне күчтүү канча жоону жеңсең да...”Кыргызстандын ар кыл аймагынан өкүлдөр — ак элечек апалардын арасында көгүлтүр Ысык-Көлдү алгачкы ирет көрүп жаткандары да көп экен. Алыкул акындын атын алып жүргөн  ак кеме конокторду салып, көлдү бойлотуп, эс алдырды. Көл үстүндө ак кемеде апалар обон созуп, көңүл ачышты. Арасында элдик ансамбль уюштуруп, ырдап жүргөндөрү да бар. Баса, биз түшкөн автобустан Ош облусунан келген апалар Бишкектен Чолпон-Атага чейин заңкылдап ырдап келишкенин да айта кетели.

Чоң Алай аймагынан келген апалардын ансамблин Сырга Калиева жетектейт. Анда 14 өнөрпоз кары ырдап-бийлеп, ар кандай майрамдардын көркүн ачып келатат. Сырга айым  элдик ансамбль тууралуу:

—Чоң-Алайлык ансамблдин уюштурулганына 4 жыл болду. Баарыбыз пенсияда болгонубузга карабай, ойноп-ырдап жүрөлү деген оюбуз болду, — деди. “Эне күчтүү канча жоону жеңсең да...”

Андан ары майрам “Рух ордо” маданий-этнографиялык комплексинде уланды. “Кыргыз тилектештиги” коому элибиздин каада-салт, үрп-адатын жайылтуу максатындагы чоң  иш-чараларды ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүп келатканынан коомчулук кабардар. Уюштуруучулардын бири, режиссер Данакан Абдыбекова “Ак кемеде — ак элекчек апалар-2017” ищ-чарасынын ачылышында мындай деп сүйлөдү:

—Төртүнчү жолу мындай ири иш-чара уюштурулуп жатат. Бул жолку максатыбыз –элечекти барктоо, элечек кийүүнү кайрадан жандандыруу.

КР эл артисттери Жамал Сейдакматова менен Назира Мамбетова бул иш-чараны ачып,   Жамал эже жетине албай минтип айтты:

“Эне күчтүү канча жоону жеңсең да...”—Адам, сыягы кайгырганда же катуу кубанганда эле ыйлабайт, жүрөгү толкуп, кандайдыр жакшы, жүрөктү эзген окуяга кабыл болгондо көзүнөн жаш куюлуп кетет. Азыр эмнегедир менин көзүмөн жашым куюлуп турат. Биякты карасам, Ала-Тоо ак кар баскан чокусу менен, бери жагында — супсулуу кыздай, Ай мөөрдөй көшүлүп жаткан Ысык-Көл, бул жерде— ак элечек апалар, келин-кыздар. Алыс жакка барып келе жатсаң, самолеттон ылдый жакты карасаң, ушундай кооз жерди, чын эле жомоктогудай бейиштин жерин, бейиштин төрүн көрөсүң.  Ушул бейиштин жери, бейиштин төрү деген чын  турбайбы. Анан кантип ушундай жерде жамандык болсун, кантип адамдар бири-бирине жамандык кааласын?! Мындай жерде адамдар дайыма ынтымакта, биримдикте болуп, бири-бирине жакшылык жасашы керек. Элибиздин, жерибиздин,  урпактарыбыздын келечек турмушу— мына биздин колубузда. Апалар, сиңдилер, курбулар сиздердин атыңыздардан ушул күнкү Ак элечек апалардын иш-чарасын уюштурган Данакан Абдыбекова менен Эльнура Кулуеваны силердин алдыңарга чакырам. Энелер, эжелер, сиңдилер, балдарым, аман болгула, бактылуу болгула! — деди Жамал Сейдакматова.

Сөздү актриса Назира Мамбетова улантты:

— Көл менен, эл менен учурашып, кубанып турасыңар. Кыздар, келгиле, жыргайлы, жыргал ырын ырдайлы! — деди толкунданып.

Ал эми ЖК депутаты Аида Салянова:

—Бул баарын бириктирген, ынтымакка, тынчылыкка чакырган иш-чара деп билемин. Канча тилек, аруу максаттар айтылып жатат. Ар бир апанын ою—жакшылык деп ишенемин Ар бир апа бала үчүн, баланын бактысы үчүн жашайт. Балдарыбыз,  өлкө бактылуу болсо гана бактылуу боло алат. Ар бир апа— келечектин куруучусу. Алар чоң кубат, ушундай маанай тартуулап жатат. Анда эмесе, кыздарым окуп калчу ырдан сиздерге сунуштайын:

“Эне күчтүү”

Эне күчтүү дайра кезип келсең да,

Эне күчтүү канча жоону жеңсең да.

Акыл калчап, нуска сөзүн сүйлөгөн,

Энелерге баатыр таасир этсе да.

***

Эне деген үйдүн куту, дем берген,

Эне деген тийген күнүң нур берген.

Энелердин муздап турса көңүлү,

Очок дагы алсыз болот, от берген”.

“Эне күчтүү канча жоону жеңсең да...”Ал эми коомдук ишмер Рита Карасартова мындай деди:  

—Бейиш—эненин таманында. Сиздер бар үчүн бизди кең келечек күтүп турат. Ден-соолугу чың баланы ден-соолугу чың эне гана төрөйт, маданияттуу уул-кызды маданияттуу эне гана төрөйт. Үй-бүлөдөгү кут—ападан. Бар болуңуздар, апалар! Сиздей апалар барда Кыргызстан жакыр жашаганга акысы жок. Биздин кең келечек—сиздердин колуңуздарда, анткени сиздер таалим-тарбия бересиздер, -деди.

Иш-чаранын соңунда жергебиздин ар кайсы жагынан келген, өзүнүн активдүүлүгү менен артыктыкчылыкка ээ болгон ак элечек апалар “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюмунун “Ак элечек Даткайым” медалы менен сыйланышты.

Бишкек технология—архитектура колледжинин студенттери (директору Махабат Шамшиева) апалардын мода кийимдерин көрсөтүштү.

Ал эми баткендик апалар “Байбиче көтөрүү” салты Баткенде гана бар дешип, бул салтты келген конокторго көрсөтүштү.
Бул күндөрдө өткөн салтанат элечек кийүү каадасын даңазалап, коомчулук арасында колдоого ээ болду.   Чокусу карлуу Ала-Тоого, суйкайган Ысык-Көлгө ак элечек апалар жарашып турду.

Айгүл Бакеева,

Бишкек-Чолпон-Ата

Сүрөттөрүн автор тартты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты