​Дарыгерлерден эркектерге беш кеңеш

Босогого кирип келген 23-февраль-мырзалардын майрамында Саламаттык сактоо министрлиги аларга бир катар кеңештерди сунуш кылды:

1. Ар убак медициналык кароодон өтүп тургула

Ден соолугуңар мыкты болсо да ар убак медициналык (кан басымды, кандагы канттын деңгээлин, урук безин) текшерүүдөн өтүп тургула.

2. Алкоголдук ичимдик ичүүнү азайткыла

Алкоголдук ичимдик көптөгөн зыян алып келет, анын ичинде жаракат алууга, жол кырсыгына, кысым көрсөтүүгө жана ден соолукка зыян алып келет. Жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, боор, онкологиялык жана психикалык дарттарга кабылтат, үй-бүлөгө, айлана-тегерекке мамилени өзгөртөт.

3. Чылым чегүүдөн баш тарткыла

Чылым чегүү жогоруда атап кеткен онкологиялык, жүрөк- кан тамыр дарттарына, инсультка алып келиши мүмкүн.

Тамекини таштасаңыз, 12 жумада өпкөңүздүн иштеши жакшыра түшөт, ал эми жыл ичинде жүрөк-кан тамыр дарттарына кабылуу эки эсеге азаят.

4. Туура тамактангыла

Туура тамактануу кант диабети жана башка дарттардын алдын-алат. Жашылча-жемиш, жаңгак, буурчак кошулган азыктарды пайдалангыла.

Күнүнө бир чай кашык гана туз пайдалангыла (5гр), кантты 10 чай кашыктан (50гр) ашырбагыла, ушундай эле майды да пайдаланууну көбөйтпөгүлө.

5. Дене-бой кыймылынын активдүүлүгүн арттыргыла

Биздин өлкөдөгү ар бир төртүнчү эркек дене-бой кыймылы жагынан активдүү эмес. Баралына келген эркектер жумасына 2,5 саат дене көнүгүүсүн жасашы керек. Дене-бойдун дайыма кыймылда болушу салмакты бир калыпта кармап, жүрөк-кан тамыр, инсульт, кант диабети дарттарынан, көңүл чөгүүдөн сактайт.

Келе жаткан майрамыңыздар менен!

КР Саламаттык сактоо министрлиги.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты