Алайда кудукка түшүп кеткен киши куткарылды

20-февралда саат 11:54 чамасында Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда Алай районунун Будалык айылынын тургуну 1979-жылы туулган А.А. аттуу жаран өзү казып жаткан кудукка түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге № 68 Өрттөн куткаруу бөлүгүнөн беш куткаруучу жана фельдшер саат 11:57 де жетип барышкан.

Жабырлануучу төрт метр тереңдикте казылган кудукка түшүп кеткенде, анын үстүн шагыл басып калган. Кудуктун ичи тар болгондуктан, куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгып, тазалаган.

Саат 15:36да куткаруучулар куткаруучу шаймандар менен кудуктун ичиндеги кишини чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Кудукка түшүп кеткен жарандын абалы туруктуу.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты