Көп кабат үйдөн кулаган кыздын абалы оор

Бишкекте “Туңгуч” кичирайонунда кечээ, көп кабаттуу үйдөн кулаган кыздын абалы оор экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

18 жашар кыздын эмне себептен көп кабат үйдөн секирип, жанын кыюуга далбаса урганы белгисиз.

Кыздын секирүүгө камданып жатканы жана секирип кеткен учуру видеого түшүп калган. Аны токтотууга чакырган милиция кызматкерлеринин сөзүн өспүрүм кыз уккан эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери өспүрүм жашаган батирдин эшигин ачканда, ал терезеден секирип кеткен. Эшик алдында турган милиция кызматкерлери кулаган кызды алды жактан килем менен тосуп алгандыктан, ал аман калган. Бирок абалы оор экени айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты