Атамбаевди сотко берген жарандын арызы кайтарылды

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди жана Каттоо кызматынын экс-төрагасы Тайырбек Сарпашевди сотко берген жарандын арызы кайтарылды.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Аламүдүн райондук соту аталган арыз ээси арыз жазуу талабын сактабаганын, тиешелүү документтерди тиркебегенин билдирген.

Буга байланыштуу сот арызды кайтарган. Эгер ал жаран талаптарды аткарып, сотко кайрадан арыз берсе, анысы кабыл алынат.

Айта кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана Каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди паспорттон улуту тууралуу 5-графаны алып салгандыгы үчүн Аламүдүн райондук сотуна Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келген Хайдарали Халиков аттуу жаран берген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты