«Ошто желим жумуртка табылган жок»

16-февралда социалдык тармактарга жарыяланган Ошто желим жумуртка сатылып жатат деген маалымат боюнча жана Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиевдин андай жумуртка Өзбекстандан контрабанда жолу менен келиши мүмкүн деген жообуна карата Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов комментарий берди.

Калысбек Жумаканов Өзбекстандан жыл башынан бери жумуртка кирбегенин жана текшерүүдө Ош шаарынан жана башка жерлерден андай жасалма жумуртка табылбаганын билдирди.

—2019-жылы 17-февралда социалдык тармактар аркылуу желим жумуртка тууралуу маалымат тарап кетти. Ал боюнча биз кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ош шаарындагы бардык базарлардагы, соода түйүндөрүндөгү жумуртканын үлгүлөрүн алып, изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Жасалма жумуртка табылганы тууралуу видеону тараткан кишинин ким экендиги аныкталды. Оштон жасалма жумуртка сатып алдым деген киши аны «Арча» деген базардан сатып алганын айтты. Ал базарга барып, органолептикалык изилдөө жүргүздүк. Тагыраак айтканда, жумуртканын ичин чагып көрсөк, баары тооктун табигый эле жумурткасы болуп чыкты.

Ошентсе да 18 соода түйүнүнөн жумуртка алып, кошумча изилдөө үчүн лабараторияга бердик.

Жумуртканын сатуучусунун айтымында, жумуртка Ысык-Көл облусунан келген. Жүз пайыз айта алам, алар табигый эле таза жумурткалар. Анан «Сырттан келген» деп коңшу өлкөлөргө дагы сөз айтылып кетти. Анын баары туура эмес.

Видеодо көрсөтүлгөн жумуртка кантип жасалганы түшүнүксүз болуп жатат. Соодада атаандаштык бар да. Балким, атаандаштардын колунан келгендир. Бардык текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин тийиштүү органдарга бул маселе боюнча кайрылабыз.

Кыргызстандын аймагына кирип жаткан жумуртка ветеринардык жана санитардык көзөмөлдөн өтүп турат. Өзбекстандан 2018-жылдын башында бир партия гана жумурткага уруксат берилген, 360 миң даана болчу. Андан кийин кирген эмес.

Биз бирдиктүү экономикалык аймакта жайгашкандыктан Евро биримдикке кирген өлкөлөрдөн, анын ичинде Россия жана Казакстандан келет. Аталган өлкөлөрдөн 2018-жылы 24 млн даана жумуртка кирген. Ал эми видеодо айтылып жаткандай, Кытайдан бир дагы жумуртка кирген эмес.

Кыргызстанга товар алып кирген компаниялар атайын Евро биримдиктин бирдиктүү реестрине киргенден кийин, тиешелүү ветеринардык жана санитардык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу сертификат алат, -деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөр: Автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты