Мурат Суталинов абактан чыгарылган жок

Мурат Суталинов абактан чыгарылган жокБишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 15-февралда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын өтүнүчүн карады жана аны канааттандырган жок.        

Жактоочулар Биринчи май райондук сотунун Мурат Суталиновду абактан чыгарбоо чечимин аны абакта кыйноо менен барабар экенин билдиришти.
Мамлекеттик айыптоочу Мурат Суталиновдун чынында сыркоолуу экенин, бирок Кылмыш-жаза кодексинин өзгөрүшүнө байланыштуу, 91-беренеде дартына байланыштуу эркинен ажыратылган киши белгилүү бир жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин гана бошотула турганын билдирди.

Мурат Суталинов жаза мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүтө элек, ага байланыштуу  мөөнөтүнөн мурда бошотууга болбойт деген чечим чыгарылды.

УКМК экс-башчысы  Суталинов 2010-жылдын 7-апрель окуяларындагы   боюнча айыптуу деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты