Жээнбеков: «Ооган согушуна катышкан аскерлер Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет»

Жээнбеков: "Ооган согушуна катышкан аскерлер Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет"Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы Советтик Аскерлердин катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды.

«Тогуз жылдан ашык созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендештерибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынан, өмүрлүк жарынан ажырады. Ооган согушунда 248 кыргызстандык мекендешибиз курман болду. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушту. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиребиз. Кырчындай жаш өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал 247 кыргызстандык СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыгы менен сыйланып, эки жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыганын эске салды. Алар — Ош облусунун Базар-Коргон районунун Арсланбоб кыштагында туулган кенже сержант Юрий Исламовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ушундай жогорку сыйлыкка Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну капитан Сергей Гущин дагы татыктуу болгон.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Борбордук Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мунун негизги себеби — Ооганстандагы кырдаал.

«Региондогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо — актуалдуу милдет бойдон калууда. Жарандардын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы өсүүдө. Айрым мекендештердин жалданма террорчуларга азгырылып жатканы тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин региондогу кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышы өзгөчө кооптондурат.

Буга эч убакта жол берүүгө болбойт. Ооганстан — бизге коңшу өлкө. Ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында региондо коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин мындан ары дагы күчөтөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

 

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты