Карыпбеков КТРК баш директорлугуна кайрадан ат салышмай болду

КТРКнын баш директору Илим Карыпбеков баш директорлук мөөнөтү аяктап бараткандыгына байланыштуу, бул орунга жарыяланган ачык конкурска катышмай болду.

Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.

Буга чейин Карыпбеков бир канча жолу КТРКдагы баш директорлук мөөнөтү аяктаса эле бул кызматка кайра барбай турганын айтып келген.

Эми мөөнөтү бүтүп калганда анын ишин жокко чыгарып, сындап, бүтүндөй КТРКнын ишине доо келтирип жатышкандардан улам, бул кызматка келүү үчүн конкурска катышарын билдирди.

КТРК жамааты, Байкоочу кеңешке жана Президенттин атына кат жазып, андан конкурска катышууну өтүнүп жатканын да кошумчалады.

Ал фейсбук баракчасына мындай деп жазды:

“Жакында ишим жана бардык нерсе тууралуу жакындан иштешкендер менен кененирээк ой-пикир бөлүшүүгө мүмкүнчүлүгүм болот. Азыр төрт жылдык ишим тууралуу кеңири отчет даярдап жатам.

Экинчиден, бул жерде КТРК баш директорлук кызматка жарыяланган ачык конкурс тууралуу билдирүү калтыргым келди.

Көпчүлүктүн эсинде болгондой эле, социалдык түйүндөр аркылуу жана интервьюларымда бир нече жолу өз мөөнөтүм бүткөн соң кийинки мөөнөткө КТРКнын баш директорлук кызматына барбайм деп айткан болчумун. Бул көптөгөн объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу эле, биринчи кезекте жаңы кишилерге, идеясы бай, күч-кубаттуу, КТРКны жаңы бийиктиктерге чыгара турган тажрыйбалуу адистерге мүмкүнчүлүк берүүгө байланыштуу эле.

Силер байкагандай, жыл башталгандан бери баш директорлук мөөнөтүм аякташына 2-3 ай калганда, айрыкча ачык конкурс жарыялангандан бери, айрымдар менин баш директорлук мөөнөтүм учурунда жасаган иштеримдин баарын жокко чыгарып, КТРКнын кийинки 4 жылдагы иштерин жаман жагынан көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Булардын баары менин кайра өз талапкерлигимди койбошума карата жасалып жатканын түшүнүп турам. Бирок алар КТРКнын 4 жылдык иши бир гана баш директордун эмес, ар бир кызматкердин иши экенин унутуп калып жатышат.

Мени каралап жатып алар бүтүндөй КТРКны жана ар бир кызматкерди каралап жатат. Азыр КТРК болуп көрбөгөндөй бирдиктүү, ынтымактуу жамаат».

«Жогорудагыдай себептерден улам КТРКнын көпчүлүк кызматкерлери Байкоочу Кеңешке, Президентке, Парламентке КТРКнын ачык конкурсуна менин катышуумду өтүнүп кайрылып жатат” деп билдирди Карыпбеков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты