Кирешесин жашырган 500 аткаминер жаза тартат

КыргызстндаКирешесин жашырган 500 аткаминер жаза тартат 500 аткаминер кирешесин жашырганы үчүн жаза тарта турганын Баш прокуратуранын Коррупцияга каршы туруу жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Залкарбек Акназаров пресс-конференцияда билдирди.

Кирешесин жашыргандардын катарында акимдер, мэрлер, соттор бар. Кыргызстанда кирешеси жана чыгашасы тууралуу декларацияяны  1500 дөй аткаминер туура эмес толтурган. Алардын ичинен 500 аткаминер кирешесин жашырганы үчун жаза тартышы керек.

“Декларацияны туура эмес толтургандардын арасында азыркы жана мурунку соттор, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Статистикалык комитеттин жооптуу кызматкерлери барю Баш прокуратура аларды Соттор кеңешине кылмыш ишине тартууга сунуш берди” деди Акназаров.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты