Балыкчыда прокуратура кызматкери Жол коопсуздугу милициясын урду

Балыкчыда прокуратура кызматкери Жол коопсуздугу милициясын урду

Иллюстрациялык сүрөт. 

Балыкчы шаарында 22-декабрдан 23-нө караган түнү прокуратура кызматкери Жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерди чаап жиберген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын айтуусу боюнча, Жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкер ооруканага жатты, бирок абалы оор эмес. Аны прокуратура кызматкери уруп жиберген.

Бул окуя кызмат полномочиесинен кыянат пайдалануу катары эсептелип, Кылмыш-Жаза кодексинин 305-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ишти Улуттук Коопсуздук комитети иликтөөдө.  Учурда прокурор жана анын эки жардамчысы кызматтан четтетилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты