Өкмөт башчы кыдырган объекттер: Военно-Антоновка мектеби. Кара-Балтадагы кышкы бассейн

Өкмөт башчы кыдырган объекттер: Военно-Антоновка мектеби. Кара-Балтадагы кышкы бассейн

Военно-Антоновкадагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунан.

Мухаммедкалый Абылгазиев Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы 700 орундуу орто мектептин курулушунун жүрүшү Кара-Балтадагы уникалдуу кышкы бассейндин абалы менен таанышты.  

Андагы курулуш иштери 2012-жылы башталган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда, мектептин сметалык баасы 154 млн сомду түзөт.

Өкмөт башчы 80% аяктаган мектептин курулушунун жүрүшүн карап чыгып, аны өз убагында жана сапаттуу аяктоону тапшырды.

Кара-Балтадагы кышкы бассейн

Премьер-министр Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин кышкы бассейнинин абалын көрүп чыкты.

Советтик мезгилде бул олимпиадалык стандарттагы объект 1977-жылы ишке берилип, өзгөчө маанилүү катары тейленген. Бассейнде 25 метрлик 6 жолчо бар, тереңдиги 1,7 метрден 4 метрге чейин жетет.

Ошончо мезгилден бери объект капиталдык оңдоодон өткөн эмес, чатырын жана бассейндин ичин, дубалын, терезелерин жана башка майда оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда үстү жабык бассейн авариялык абалда турат.

Бассейн аймактагы уникалдуу объект экенин жана спортту жайылтууда чоң роль ойной турганын, ошондой эле Кара-Балта шаардык жергиликтүү бюджетинин  каражаттары чектелүү болгондугун эске алуу менен Мухаммедкалый Абылгазиев олимпиадалык стандарттагы бассейнди калыбына келтирүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттын маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Сүрөт: Өкмөттун маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты