Бүгүн Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыкты

Бүгүн Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыкты«Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖКнын мурдагы төрагасы, Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-декабрда 60 жашка чыкты.

Бүгүн саясый лидердин тарапташтары анын туулган күнүн белгилешүүдө.

Эске салсак, Текебаев орус ишкери Леонид Маевскийден пара алган деген айып менен соттолуп эки жылдан бери абакта отурат.

Анын актоочулары жана тарапташтары тергөө, соттук териштирүүлөр мыйзам бузуулар менен ошол кездеги бийликтин саясый кысымы менен өткөнүн, бул ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого негиз бар экенин айтып келишет.

Леонид Маевский болсо Орусияда шылуундук беренеси менен камакка алынган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты