Роза Отунбаева: “Бул мааракеде Текебаевдин маселеси көтөрүлбөгөнүнө өкүнөм”

Мурдагы президент Роза Отунбаева парламенттин 80 жылдыгы белгиленип жаткан кезде парламентаризмге зор салым кошкон, азыр камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин парламент карабай, анын ак экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилбей  жатканына  кейиди: 

Роза Отунбаева: “Бул мааракеде Текебаевдин маселеси көтөрүлбөгөнүнө өкүнөм”

“Бул мааракенин жүрүшүндө Текебаевдин маселеси көтөрүлбөгөнүнө өкүнүп турам. Президент Текебаев боюнча соттун бардык баскычтарында чечим кабыл алынып калганын айтууда. Бирок ага карата сот кандай жүргөнүн билебиз” деди Роза Отунбаева.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында өзү президент болгонго чейин эле Текебаевдин ишинде маселе чечилип калганын, бир гана мунапыс сураса, бериле турганын айткан.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коррупцияга айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт: АКИ-пресстики.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты