Дастанбек Жумабеков: “Демократиялык өлкөдө парламент башкы сын бутасына айланат”

Бүгүн Кыргыз парламентинин 80-жылдыгын белгилөөгө байланыштуу илимий-практикалык конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин басып өткөн жолуна жана келечегине токтолду.   

Дастанбек Жумабеков: “Демократиялык өлкөдө парламент башкы сын бутасына айланат”

Парламенттик өнүгүүнүн үчүнчү баскычы

“Адатта кыргыз парламентинин басып өткөн жолун негизинен эки чоң этапка бөлүп жүрүшөт. Биринчиси 1938-жылдан 1991-жылга чейинки  советтик мезгил, экинчиси “легендарлуу парламенттен” баштап азыркы учур чейинки мезгил.

Мен буга кошумча иретинде кыргыз парламентинин өнүгүү жолундагы үчүнчү баскычты белгилегим келет. Ал — биздин мамлекетибиздин чыныгы парламенттик демократияга багыт алган  2010-жылдан берки бурулуш мезгили. 90 азаматыбыздын кырчындай өмүрү кыйылган 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин биз Конституциябызды гана өзгөртпөстөн, атуулдарыбыздын бийлик системасына, коомчулук менен бийликтин ортосундагы мамилеге болгон көз карашын өзгөртө алдык.

Кыргыз мамлекети мына ушул мезгилден тарта парламенттик демократияга багыт алды.

Натыйжада Кыргызстан олку-солку саясий кырдаалдан, элдик толкундоолордон, көчө демократиясынан арылып, дээрлик бардык маселелер парламенттин ичинде ачык-айкын талкууланып, чечилип келет. Ал эми ар дайым коомдук нааразылыктын тамызгысы болуп жүргөн шайлоо процесстери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу биометрикалык ыкма менен таза жана ачык өткөрүү нугуна түштү.

Кыргыз парламентин кимлер башкарган?

Ушу мезгил аралыгында кыргыз парламентин Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Асаналы Толубаев, Молдогазы Токобаев, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов сындуу элибиздин чыгаан уулдары жетектеди.

Кыргыз парламентинин 80 жылдык тарыхына үстүртөн көз чаптырсак, Октябрь революциясынан кийин парламенттин милдетин Жумушчу жана дыйкандар депутаттарынын кеңештери аткара баштаган. Ал эми 1924-жылдын 21-октябрында Кыргыз Автономиялуу облусунун Революциялык комитети түзүлүп, кийинки жылы анын Борбордук аткаруу комитети уюштурулган. Ал эми 1936-жылы Кыргызстан СССР курамындагы 15 союздук республиканын бирине айланды. 1937-жылы кабыл алынган алгачкы Конституцияга ылайык, 1938-жылдын 18-июлунан тарта кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын жалпы эл тарабынан тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССРинин Жогорку Совети аткарып турган.

Ошондон улам 1938-жылды өз алдынча улуттук парламенттин түзүлгөн жылы катары кабыл алуудабыз.

Дээрлик жарым кылымдан ашуун мезгил аралыгында анын 12 чакырылышы иштеди. Алар өз алдынча саясий чечимдерди кабыл алуу укугу жок болгонуна карабастан, өз доорунун талабына жараша көптөгөн экономикалык, чарбалык, уюштуруу маселелерин ырааттуу чечип, өлкөнүн өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошо алды.  Советтик учурдагы жүздөгөн завод-фабрикалар, жолдор, окуу жайлар, керек болсо, шаарлардын курулушу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин чечимдери менен бекитилип турган.

Элибиздин эсинде «легендарлуу парламент» деген ат менен калган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эӊ акыркы XII чакырылышы 1990-жылы шайланган. Ал кийин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши» деп аталып калды. Демек, аны “өткөөл заман парламенти” катары сыпаттасак да болот.

Прламент туңгуч президентти шайлады. Өлкөнүн Желегин, Гимнин, Туусун бекитти

Анын тушунда эгемен Кыргызстандын көз карандысыздыгынын саясий, экономикалык, социалдык, укуктук негиздерин түзгөн бир катар орчундуу документтер, атап айтканда Көз карандысыздык жөнүндө декларация, алгачкы Конституция кабыл алынды, Тунгуч Президентибиз шайланды, мамлекеттин  Желеги, Герби, Гимни бекитилди, улуттук валютабыз жүгүртүүгө киргизилди. Кыскасы, Кыргызстан чыныгы эгемендик белгилерине ээ болду.

Ал эки палаталуу да, бир палаталуу да болду, мажоритардык да, пропорционалдык да шайлоо элегинен өттү.  Көрсө, көз карандысыз мамлекетти түптөө, элдик бийликти калыптандыруу озуйпасы эгемендикке ээ болуу менен эле чектелип калбайт экен.

2010-жылдагы капсалаӊдуу окуялардан кийин шайланган Жогорку Кеңештин V чакырылышынан тартып Кыргызстандын соңку тарыхынын жаңы барагы ачылды. Кыргызстан парламенттик-президенттик башкаруу системасын, тагыраак айтканда, парламенттик демократия жолун, ачык коом куруу багытын тандап алды. Анын ыйгарым укуктары кыйла кеңейүү менен бирге, жоопкерчилиги да ошончолук артты.

Биз жаңы шартта, жаңы нукта биргелешип иштөөгө көнүшүбүз керек. Алдыбызда өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, мамлекет коопсуздугун бекемдөө, анын бүтүндүгүн сактоо, эл биримдигин чыңдоо, калк турмушун жакшыртуу сыяктуу орчундуу милдеттер турат.

Дастанбек Жумабеков: “Демократиялык өлкөдө парламент башкы сын бутасына айланат”

“Оттон дегенден ооз күйбөйт”

Ырас, “От дегенден ооз күйбөйт” деген сөз бар. Жогорку Кеңештин ишине анчалык алымсынбагандар, парламентаризмдин келечегине ишенбөөчүлүк менен карагандар да жок эмес. Алтургай, депутаттардын дарегине ачуу сындар айтылып, айрым дооматтар коюлуп жатканы да чын.. Бул – табигый көрүнүш. Тек, биз андан сабак гана алып, өз ишибизди алга жылдырууга тийишпиз.

Демократиянын башкы таянычы – мыйзам. Биз мыйзам бийлигине гана баш ийүүгө тийишпиз. Демек, кеп төркүнү бардык иш-аракеттердин мыйзам алкагына салынгандыгында турат» деп сүйлөдү Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматмы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты