УКМК: Баткендеги ветлаборатория жана үч мектеп курулушундагы коррупция

УКМК: Баткендеги ветлаборатория жана үч мектеп курулушундагы коррупцияУлуттук Коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Баткенде ветеринардык лабораториянын жана үч мектептин курулушундагы коррупцияны аныктады.  

Баткен облустук Мамэкотехинспекциянын  аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары ачылды.

Шаардык аймактык ветеринардык лабороторияны жана Баткен районундагы 3 орто мектепти курууда  жана ишке киргизүүдө, курулуш иштерин жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча облустук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-берене (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-берене (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты