18 октябрь 2018
Бишкек убактысы: 04:05


«Чекист» Акыйкатчы шайланды

Жогорку Кеңеш Акыйкатчылыкка Токон Мамытовду шайлады.

Бул орунга төрт талапкер ат салышты: КСДП фракциясынан Токон Мамытов, «Бир Бол» фракциясынае Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаев, «Ата Мекен» фракциясынан Канат Азиз.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытов 79, Канат Азиз 19, Рита Карасартова 9, Р.Бактыбаев 6 добуш алды.