Зулушев: Прокуратура кызматкерлерине көлөкө түшүргөндөр бар

  • 3 года мурун

Бүгүн, 20-ноябрь — прокуратура кызматкерлеринин күнү. Кесиптик майрамды белгилеп жаткан жыйында баш прокурор Курманкул Зулушев Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басарынын пара алууга шектелип кармалышы боюнча кечирим сурады.

«Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, прокуратура кызматкерлерине көлөкө түшүргөндөр да бар. Майрамдын астында эки күн мурдагы иш катталганы үчүн кечирим сурайм» деди баш прокурор Курманкул Зулушев.

 17-ноябрда УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.А.Э. кармалган.

Ал “кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар талап кылган. Аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 
Президент Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады жана алардын  арасында ишин абийирдүүлүк менен аткарбаган кызматкерлер бар экенин белгилеген.

Зулушев: Прокуратура кызматкерлерине көлөкө түшүргөндөр бар

Превью сүрөт: Интернет булактарынан. Жыйындагы сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.



Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты