Журналисттин өлүмүнө шектүү блогер Жолболдуева акталып, 3 кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылды

  • 1 год мурун

Журналисттин өлүмүнө шектүү блогер Батмакан Жолболдуева акталып, 3 кылмыш иши боюнча айыпталды. Бул тууралуу Батмакан Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Маалыматка ылайык, блогер «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси боюнча акталып, «бейбаштык», «жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» жана «документтерди жасалмалоо» боюнча айыпталды. Эки жылга пробациялык көзөмөл дайындалып, эки жылдык мөөнөткө блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салынды.

Ушул жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучу тарап ага коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып келет.

Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты