Журналист Таалайбек Темиров 68 жашында дүйнөдөн кайтты
- 5 дней мурун
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Таалайбек Темиров 8-ноябрда 68 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты, 10-ноябрда Бишкек шаарында сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери билдирди.
Таалайбек Темиров 1956-жылы 16-ноябрда Кочкор районунун Чекилдек айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Таалайбек Темиров “Советтик Кыргызстан” ( “Кыргыз туусу”) гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, “Эркин тоо” гезитинде башкы редактор, башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген. Таалайбек Темиров кыргыз басма сөзүнүн калыптанышына чоң салым кошуп, талыкпай эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Таалайбек Темировду кесиптештери мыкты адис, мыкты адам, мыкты дос-жолдош болгонун белгилеп келишет.
“ПолитКлиника” медиасы маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сүрөттө: Таалайбек Темиров. Социалдык тармактан