Жумгалда мал кайтарып жүрүп дайынсыз болгон экөө изделүүдө
- 1 день мурун
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан эки тургунду издөө иштери бүгүн, 21-октябрь күнү да улантылууда.
Издөө иштерине райондон жалпы 12 куткаруучу, ички иштер министрлигинен (ИИМ) 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65, жалпы 97 кши тартылды.
Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү түшкөн.
Ошол убактан бери жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60, жалпы 83 киши тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү