Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө улантылууда

  • 3 недели мурун

Жумгалда мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн, 3-ноябрда да улантылууда. Издөө иштери Токтогул районунда да жүрүүдө.

Аларды издөөгө өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 34 куткаруучу, 3 дрон, ички иштер министрлигинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам чыгышты. Үч дрон тартылды. Токтогул районунда куткаруучулар Толук айыл өкмөтү тарабын карашат.

49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.

Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты