Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 100 киши тартылды
- 3 недели мурун
Жумгал районунын Өрнөк айылында мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө бүгүн, 2-ноябрда, таңкы 7: 20да издөө иштери башталды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМден 50 куткаруучу, ички иштер министрлигинен (ИИМ) 30 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 20 киши чыгышты. Жалпы 100 киши 6 дрон менен жеринде издешет.
Мындан сырткары Токтогул районунда Камбар -Ата ГЭСтеринен Токтогул суу сактагычына чейинки Нарын дарыясынын жээктеринде 8 куткаруучу издөө иштерин жүргүзөт.
49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.
Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.