Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-бала изделүүдө 

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 4-ноябрда, Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланы жалпы 56 адам 4 дрон менен тартылды.

Анын ичинен, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 18 куткаруучу 2 дрон менен, ӨКМге караштуу токой кызматынан 8 кызматкер, ИИМден 10 кызматкер, 2 дрон менен жана жергиликтүү тургундардан 20 адам.

49 жаштагы К.Б. жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.

Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты