Жумгалда дайынсыз болгон ата-баланы издөөгө 100дөн ашык адам чыкты
- 3 недели мурун
Бүгүн, 30-октябрда, Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-баланы жетекчилигинде жалпы 104 адам издөө иштерине 9 дрон менен чыгышты.
Анын ичинен, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган. Ички иштер министрлигинин 20 кызматкер 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.
Издөө иштерине тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.
Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.
Сүрөт: ӨКМ