Жумгал районунда дайынсыз болгон ата-баланы издөө улантылууда

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 29-октябрдагы маалыматка ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылында мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери улантылууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн таң эрте ӨКМ тарабынан издөө иштерин күчөтүү максатында 46 куткаруучу 6 дрон менен жөнөтүлдү. Мындан сырткары, ички иштер министрлигинин (ИИМ) 38 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 киши дагы издөөгө катышууда.

Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын — 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б.ны издөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) менен ички иштер министрлигинин (ИИМ) кошумча күчтөрү тартылганы буга чейин кабарланган. Мамлекет башчы дайынсыз болгондорду издөөнү күчөтүүнү тапшырган.

49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан кабарланган күндөн, 19-октябрдан бери жүрүүдө.

Ата-бала 16-октябрь күнү кесүү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112» номерине 19-октябрь күнү кабарланган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты