Жоомарт Карабаевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин иши боюнча биринчи соттук отурум башталып, бирок 14-октябрга жылдырылды.

Бул тууралуу соттук отурумга катышып жаткан “ПолитКлиниканын” кабарчысы Бектур Оргубаев билдирди.

Соттук отурумдун жылдырылышы Жоомарт Карабаевдин айыптоо актысын албаганына байланыштуу болду.

“Мага айыптоо актысын жактоочуга берип коём деп алдап кол койдурган, бирок мен айыптоо актысын алган жокмун” деп билдирди сот залында Карабаев.

Соттук отурум 14-октябрга саат 17:00 гө жылдырылды.

Буга чейин Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн кысымына кабылганын айтып,  Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Карабаев кайрылууда мамлекет башчыдан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин  өз көзөмөлүнө алууну суранган.    

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-сентябрга чейин камакта калтырды.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.

Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаев кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыпталган. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.

Сүрөт: Бектур Оргубаев/»ПолитКлиника». 8-октябрь 2024-жыл. Биринчи май райсоту 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты