Жогорку соттун чечими менен Чыңгыз Мамаев акталды

  • 1 неделя мурун

Жогорку соттун чечими менен актер Чыңгыз Мамаев акталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурсултан Жаныбеков билдирди.

17-апрелде Свердлов райондук соту актёр Чыңгыз Мамаевди актаган.

Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын 21-мартында Бишкекте Германиянын жаранын зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2022-жылы 6-декабрда шаардык сот Мамаевге козголгон кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн, чечим «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» деген негизде 2022-жылы 22-ноябрда кабыл алынганын билдирген. Былтыр январь айында Бишкек шаардык соту Чыңгыз Мамаевдин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

Сүрөттө: Чыңгыз Мамаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты