Жогорку сот жарандык активист Төрөкулованы камакта калтырды

  • 2 месяца мурун

3-июлда Жогорку сот жарандык активист Зарина Төрөкуловага Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Маалыматта айтылгандай, Төрөкулованын жактоочусу Акмат Алагушев тергөөдө жана сотто активистке коюлган айып далилденбегенин, ага карабай сот аны күнөөлүү деп тапканын айткан.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

5-апрелде Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова «жапырт башаламандыкка» шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист «социалдык тармактарда «чагымчыл» билдирүүлөрдү жасаган» деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды «саясий буюртма» деп атап келет.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган.

Ал буга чейин «Улуу журт» жана «Күч биримдикте» партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.

Сүрөттө: Зарина Төрөкулова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты