Жогорку сот Каныкей Аранованы үч жарым жылга эркинен ажыраткан шаар сотунун чечимин күчүндө калтырды   

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 21-августта, Жогорку сотто активист Каныкей Аранованын кассациялык арызы каралды.

Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун Каныкей Аранованы 3,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин өзгөртүүсөз калтырды.  

  Адокат Замир Жоошевдин айтымында, Каныкей Аранованы өзүнүн тиешеси жок фейк-аккаунт үчүн 28-июнда Бишкек шаардык соту тарабынан  эркинен ажыратылган.

Жогорку сот да бул жагдайга маани бербей, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.  

Аранованы Жогорку соттогу сот процессине алып келишкен эмес. Адвокат Замир Жоошев соттон анын жаш баласы бар экенин, мурда соттолбогонун эске алууну жана актоону өтүнгөн.  

Бишкек шаарынын соттук коллегиясы активист Каныкей Аранованы үч жарым жылга соттогон. Аранова кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айыптуу деп табылган.

Соттолуучунун адвокаттары Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылган.

Апрель айынын аяк ченинде Каныкей Арановага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 120 миң сом айып салган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде камактан чыгарган.

Буга чейин Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Каныкей Аранова Өзгөн райондук сотунун чечими менен 30 сааттык коомдук жумуш жасоо жазасына тартылган.

Каныкей Аранова Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккандардын митингине катышкан.

Сүрөттө: Каныкей Аранова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты