Жогорку Сот камактагы активист Эрлан Бекчоронун кайрылуусуна жооп берди

  • 1 год мурун

Жогорку Сот камактагы активист Эрлан Бекчоронун кайрылуусуна жооп берди.

«Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Эрлан Бекчоронун мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу тууралуу жалындуу кайрылуусун түшүнүү менен кабыл алды.

Белгилүү болгондой, Эрлан Бекчорого карата сотко чейинки өндүрүш ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлүүдө. Мыйзамдарга ылайык тергөө органдарындагы мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл Кыргыз Республикасынын прокуратурасы тарабынан жүзөгө ашырылат. Бөгөт коюу чараларын тандоодо соттор тарабынан айыпталуучулардын күнөөлөрү аныкталбайт. Ал эми кайрылууда көрсөтүлгөн бардык укук бузууларга сот тарабынан иштин маңызы боюнча каралганда тиешелүү юридикалык баа берилет», — деп жазылат жоопто.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кат жолдоп, аны соттук отурумга катышууга чакырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты