Камактагы активист Эрлан Бекчоро Жогорку Соттун төрагасына кайрылуу жасады

  • 1 год мурун

Камактагы активист Эрлан Бекчоро Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылуу жасады. Бул тууралуу анын жубайы Шаршекүл Аманова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Кемпир-Абадды коргоп мыйзамсыз абакта жаткандар 2022-жылдын 23-октябрынан бери сотторду, бийликти, тергөөчүлөрдү мыйзам талаасына чакырып келебиз. Биздин бул саясий күрөштө сот адилеттүүлүгүн бийликтен талап кылганыбыз сиздин “сот системасына реформа кылым” деген ниетиңизге чоң жардам. Тилекке каршы мыйзам үстөмдүгү эмес, бийлик үстөмдүгү болуп жатканы белгилүү. Буга чейин 5 жолу соттук отурумда тергөө кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын жактоочулар аркылуу өтүнүч келтирилген натыйжа жок. Сиздин ишеним арткан шаардык, райондук соттогу кадрларыңыз биздин мыйзамдуу үнүбүздү уккан жок. Сиз ЖК отурумунда соттор көз каранды болуп жатканын, алыңыз жетпей жатканын мойнуңузга алдыңыз эле.

Келиңиз, биз сизге жардам берели. Сизди биздин бөгөт чарабызды караган шаардык сотко чакырабыз. Ошол жерден сиздин кадрлар сизди сыйлабастыгын “реформа кылам” деген мээнетиңиз кандай тебеленип жатканын көрөсүз жана соттор алдында кадырыңыз канча экени даана билинет. Сиз үмүт арткан соттор мыйзамдарды, сизди сыйлабаса сиздин бул жогорку кызматта турганыңыз канчалык туура? Кемпир-Абадды коргоп камалган саясий туткундар бул соттук отурумдар аркылуу президенттин, сиздин “сот системасына реформа кылам “ деген ниетиңер жалган же чын экенин айгиленеп беребиз! Келиңиз, биздин сотко катышып өз ишиңизге өзүңүз баа берип кетиңиз», — деп жазылат кайрылууда.

Өткөн жылы 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты