Жогорку Сот Фархат Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

  • 9 месяцев мурун

Жогорку Сот Фархат Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда Жогорку Сот Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карады.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты