Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун босого баллдары белгилүү болду

  • 4 дня мурун

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекигенин кабарлады.

Ага ылайык, педагогика, саламаттык сактоо жана укук коргоо багыты боюнча гранттык орундарга тапшыргысы келген абитуриенттердин тестинин жыйынтыгы 120 баллдан жогору болушу керек.

Жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы — 110, предметтик тесттердин босого баллы — 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогикалык билим берүү багыттары жана «укук коргоо иши» даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы — 120, предметтик тест — 60 болуп бекиди. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл сакталды.

Саламаттык сактоо багыттары үчүн гранттык квоталарга негизги тест -120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми предметтик тест — 60 балл негизинде жүргүзүлөт.

Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары үчүн гранттык орундарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест-60 балл болуп бекитилди.

I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест — 100 балл болуп бекитилди.

Ички иштер министрлигинин Э. А. Алиев атындагы академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн – 100 балл. Куралдуу күчтөрдүн генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл – 100 болуп белгиленди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты