Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаровго издөө жарыяланды

  • 3 недели мурун

Эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн, анын ичинде «Салимбай байбача» катары белгилүү болгон Өзбекстан кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салимбай Абдувалиевдин ишмердигин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаров тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей,  Нургазы Айдаров Салимбай Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана  «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен болгон тыгыз байланыштарын билип туруп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидерине ар тараптан сый-урмат көрсөткөн.

Ал өз кезегинде Айдаровдун Кыргызстан жана Өзбекстан  аймагында жүргүзүп жаткан ишкердик жана башка иштерин колдоп турган.

Чогултулган материалдардын негизинде Нургазы Айдаровго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин «Мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстан ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиев каржылаганы аныкталды деп, ага издөө жарыялаган.  

Салимбай Абдувалиев — «Салимбай байбача» деп аталган криминалдык авторитет, Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн формалдуу эмес лидери, 2024 –жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн Өзбекстандын сот органдары тарабынан соттолгон.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлктөрүн коомчулукка жарыялады.

Сүрөттө: Нургазы Айдаров. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты