Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ант берди

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 2-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаты Алтынбек Кылычбаевдин ант берүү аземи болуп өттү.

30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Алтынбек Кылычбаевди №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрында өттү.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген. Икрамов бийликтин туура эмес иш-аракеттерин парламент трибунасынан кескин сындап келген.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты