Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси дайындалды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси жана орун басарлары дайындалды.
Кутман Турсункулов Жогорку Кеңештин аппаратынын башчысы болуп дайыналды. Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп — Мария Исанова, орун басары болуп Нарынбек Кубатбек уулу дайындалды.
Бул боюнча төрага Нурланбек Тургунбек уулу тиешелүү тескемелерге кол койгону тууралуу парламент сайтында маалымдалды.
Буга чейинки аппарат башчысы Алайбек Алымбаев төраганын кеңешчиси болуп дайындалды.
Эльмира Эшенкулова эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин бөлүм башчысы, ал эми Искендер Сулайманов илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин бөлүм башчысы кызматына киришти.
Сүрөт: kenesh.kg




