Жобо бузулду: “Элдик Курултайга” кош жарандыгы бар адам делегат болгону чындык (Фактчекинг)

26-ноябрь күнү Нура Анаркулова аттуу Фейсбук колдонуучусу 25-26-ноябрь күндөрү боло турган “Элдик Курултайга” Орусиянын жарандыгы бар Толкунбай Акматов аттуу жаран делегат болгонун жазып чыккан.

Ал бул “Элдик Курултай” тууралуу жобого каршы келээрин белгилеген.

Жобо бузулду: “Элдик Курултайга” кош жарандыгы бар адам делегат болгону чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Орусиядагы мигранттарга байланыштуу маселелер жана элчиге болгон сын 

Нура Анаркулова Фейсбукта кош жарандуулугу бар делегат деп Tolkunbay Chili-Sai аттуу аккаунтту белгилеген. Бул баракча 25-ноябрь күнү өткөрүлгөн “Элдик Курултайда” Орусиядагы мигранттарга байланыштуу бир катар маселелерди көтөргөн Толкунбай Акматовго тиешелүү. 

Толкунбай Акматов Москва шаарынан келген делегат жана «Ноокат» коомунун жетекчиси катары тааныштырылган. Ал өз сөзүндө Орусиядагы мигранттардын кыйынчылыктары тууралуу айтып, “Мигрант” аттуу тиркеме жасоо сунушун киргизген.

«Баарыңардын эле уул-кызыңар мусапыр болуп чет мамлекеттерде жүрөт, кыйналып тапканын силерге жөнөтүп, өлкөнүн бюджетине салым кошуп жатат. Москвадагы мигранттардын эң көйгөйлүү маселеси — бул каттоого туруу. Бул маселени чечет деген мигранттардын үмүтү чоң. Ушул маселени чечүүнү мигранттар аябай суранды. Анан «Мигрант» деген тиркеме чыгарса деп жатабыз. Аны «Түндүк» деген системага кошуп койсо, онлайн эле бардык документти бүтүрсө жакшы болмок. Дагы бир чоң көйгөй — маңзат менен кармалып, көптөгөн бала отурат. Алар эң аз дегенде 12 жылдан 25 жылга чейин кесилип кетип жатат. Ушуга байланыштуу роликтерди чыгарып, аны телевидение аркылуу таратып, «жолобогула» деп эскертүү керек болуп жатат. Бул жактан иш орундарын түзүп, сырттагы мигранттардын санын азайтсак. Москвада «Сахарово» деген борбордо мигранттар ар жылы медициналык кароодон өтүшү керек. Ошол кароону Кыргызстанда эле жүргүзгүдөй болсок жакшы болмок”, — деп айткан. 

Ошондой эле, делегат Толкунбай Акматов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишин сынга алган.

“Урматтуу президент, ошол жерде элчи эжебиз бар (Гүлнара-Клара Самат — ред), биз аны эл менен эмес деп көп айтып келдик. Анын маселеси Жогорку Кеңеште каралат деп жатты эле, бирок Баткен көйгөйү чыгып каралбай калды. Өзүнүн элин башка мамлекеттин коопсуздук кызматкерлерине салып берип жаткан элчинин бул кызматта иштегенге акысы жок», — деп баса белгилеген.

Белгилей кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү өткөрүлүп жаткан “Элдик Курултайга” жалпы 1072 делегат катышууда. Президент Садыр Жапаров бекиткен жобого ылайык, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат катышууга мүмкүнчүлүк алган. 

Делегаттын кош жарандуулук маселеси 

Фейсбукта жарыяланган маалыматта, Москвадан келген делегат Толкунбай Акматовго тиешелүү делген Орусиялык паспорттун сүрөтү кошо жарыяланган.

Жобо бузулду: “Элдик Курултайга” кош жарандыгы бар адам делегат болгону чындык (Фактчекинг)

Ага ылайык, Орусиянын Озёрный муниципалдык районуна катталган паспорт 2014-жылы 23-апрелде берилгени көрсөтүлгөн. 

fotoforensics.com сайтынан сүрөттүн фотошоп аркылуу өзгөртүүгө учурабаганын билүү үчүн текшерип көргөнүбүздө, паспорттогу сүрөттү жашыруу үчүн сызылган кара боёк гана кийинчерээк пайда болгону белгилүү болду.

Жобо бузулду: “Элдик Курултайга” кош жарандыгы бар адам делегат болгону чындык (Фактчекинг)

Башкача айтканда, паспорттогу жазуулар кийин же үстүнөн жазылган эмес. 

Орусиянын Миграция боюнча башкы башкармалыктын сайтынан сүрөттөгү паспорттун номери боюнча издеп көргөнүбүздө, паспорт каттоодо бар экени белгилүү болду. 

Жобо бузулду: “Элдик Курултайга” кош жарандыгы бар адам делегат болгону чындык (Фактчекинг)

Ал эми паспорттун ИНН номерин билүү үчүн Орусиянын Федералдык салык кызматынын сайтынан издеп көргөнүбүздө “502239886508” номери чыкты. Бул номер rusprofile сайтындагы ишкер Акматов Толкунбай Усоновичке таандык. 

Башкача айтканда, Москвадан келген делегат Акматов Толкунбай Усоновичке таандык Орусиянын жарандыгы каттоодо бар экени чындык. 

Жобого ылайык кош жарандуулар Курултайга делегат боло албайт 

2022-жылы 18-августта Президент Садыр Жапаров “Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобого” кол койгон. Аталган жободо “Элдик Курултайды” өткөрүүнүн жалпы эрежелери бекитилип, делегаттар тууралуу да норма киргизилген. Ага ылайык “Элдик Курултайга”  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,  чет мамлекеттин жарандыгы бар адамдар, мурда соттолгондор жана жашы жете электер делегат болууга укусуз экени белгиленген. 

Жобо бузулду: “Элдик Курултайга” кош жарандыгы бар адам делегат болгону чындык (Фактчекинг)

Ал эми жогорудагы учурда, “Элдик Курултай” жөнүндөгү жобонун 17-беренеси сакталган эмес. 

Кош жарандуулук чуусу жана Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы 

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Соттун чечими дароо күчүнө кирип, журналистти укук коргоо кызматкерлери сот залынан күч менен кармап кетишти. Көп өтпөй журналист Болот Темиров Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы маалым болду.

Чуулгандуу иликтөөлөрү менен белгилүү болгон Болот Темировго алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Кийин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене кошулган.

Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы райондук соттун чечимине каршы арызданган.

Кыргызстандын Баш мыйзамында “Кыргызстандын жараны өлкөдөн сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт” деп жазылган.

Жыйынтык: Орусиянын жарандыгы бар делегат “Элдик Курултайга” катышуу менен жобо бузулганы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты